Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

А.Бекназаров президенттин кадр саясатына каршылыгын билдирди


Бул тууралуу вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ал бүгүн эртең менен президент Роза Отунбаева менен кечээки кадрлык жүрүштөр тууралуу сүйлөшүп, эмне себептен кеңешип иш кылуу тууралуу убаданы бузганын сураган. Өз кезегинде президент ага кеңешүү үчүн телефон чалганын, бирок ал телефонду көтөрбөй койгонун айткан.

А.Бекназаровдун айтымында, президент Р.Отунбаева мурдагы Ички иштер министри Кубатбек Байболовду ишти жакшы тартып кете албай аткандыктан Башкы прокуратурага жылдырган.

Анын пикиринде, ушул тапта Башкы прокурор болуп турган К.Байболов 15 жылдык юристтик тажрыйбасы болбогондуктан ал кызматка иштөөгө жарабайт. Ал эми Жогорку Соттун төрагасынын милдетин аткарып келген Кубанычбек Момбековдун кызматтан алынышын, президенттин администрация жетекчиси Эмилбек Каптагаев менен биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиевдер уюштурган. Анткени К.Момбеков “Азия универсал банкы” тууралуу аларга керектүү чечимди чыгарбай койгон.

Ошондой эле А.Бекназаров айрым күчтөр кадрдык чагымдарды уюштуруу аркылуу президент Р.Отунбаева менен анын ортосуна от жаккылары келип атканын айтат. Ал мындай аракеттерден майнап чыкпасын, ээлеген кызматынан кетпесин жана мындан ары да баары жогун ачык айта бере турганын кошумчалады. (IJz)

XS
SM
MD
LG