Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:21

Саясий партиялар жер-жерлерди кыдырышууда


Парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялар үгүт иштери башталгандан бери жер-жерлерди кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууну башташты.

“Ата мекен” партиясынын жетекчилери учурда Жалал-Абад облусун кыдырып жүрүшөт. “Ата журт” партиясынын лидерлери Ысык-Көлдү кыдырып келип, ушул тапта Бишкекте. Ал эми “Ак шумкар” партиясы үгүт иштери менен Талас облусунда. “Республика” партиясынын лидерлери үгүт иштерин өлкөнүн түштүгүнөн баштап, учурда баткендиктер менен жолугушуп жүрүшөт. “Акыйкат” партиясынын лидерлери Нарын облусунун шайлоочулары менен жолугушууда. “Замандаш” партиясынын жетекчилери Орусиядагы мигранттар менен жолугушуу үчүн чыгып кетишкен. “Айкөл эл” партиясы үгүт иштерин азырынча Бишкекте уюштурушууда. Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдө, ал эми партиянын башка лидерлери калган аймактарды кыдырып жүрүшөт. Калган башка партиялар да үгүт иштерин уюштурууга аракет кылышууда.

Парламенттик шайлоого карата үгүт иштери 10-сентябрда башталган. Ал эми шайлоо 10-октябрга белгиленген. Үгүт иштери шайлоо күнүнө 24 саат калганда токтотулмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG