АКШ президенти Барак Обама америкалык жаран Сара Шроуддун Ирактагы абактан бошотулушун кубаттады. Өз билдирүүсүндө Обама Шроуд менен кошо кармалган 2 кишини, Ирандагы калган америкалык жарандарды азат кылууга үндөдү. Шроуд кечээ Тегерандагы түрмөдөн күрөөгө кое берилгенден кийин Ирандан учуп кетти. Шроуд жана америкалык дагы 2 жаран былтыр жайында Ирак менен Ирандын чек арасында кармалган. Алар түндүк Иракка турист катары барышканын ырасташууда. Тегеран болсо америкалыктарды тыңчылык үчүн айыптап келатат. Шроудду күрөөгө бошотуу чечими анын саламаттыгына байланыштуу кабыл алынган. Иран бийлиги 500 миң доллар талап кылган. Тегерандын башкы прокурору бул акча Омандагы Иран банкына төгүлгөнүн билдирди. АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Кроули күрөөнү төлөөгө өкмөттүк акча сарпталбаганын белгиледи.