Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Франция Сенаты паранжага тыюу салды


Франциянын Сенаты коомдук жайларда паранжа кийүүгө тыюу салган мыйзамды дээрлик бир добуштан колдоду. Жобо буга чейин парламенттин төмөнкү палатасы тарабынан жактырылган. Добуш берүүдөн кийин юстиция министри Мишел Алио Мари мыйзам чыгаруучулардын чечимин кубаттады. Мыйзамды бузгандар 150 евро айыпка жыгылат. Ал эми аялдарын же кыздарын бети-башын чүмкөп жүрүүгө мажбурлаган эректектер 30 миң евро айып пул төлөшөт же 1 жылга эркинен ажыратылат. Жаңы жобону колдогондор Франция секулярдык баалуулуктарын сактап калууну көздөөдө дешсе, башкалары мыйзам адам укуктарын бузуу болуп саналат деп ырасташат. Мусулмандардын саны боюнча Франция Европада биринчи орунда турат. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2 миңге жетпеген аял гана паранжа кийишет.

XS
SM
MD
LG