Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Бүгүн Бишкекте А.Алтайдын 90 жылдыгына арналган иш-чаралар өтөт


Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетте “Азаттык” үналгысынын башатында турган көрүнүктүү журналист жана демократ публицист Азамат Алтайдын (Кудайберген Кожомберди уулу) 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болот.

Түштөн кийин тарых музейинде өтүүчү эскерүү кечесинде Азамат Алтай тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, Тынчтыкбек Чоротегиндин анын өмүр таржымалын камтыган “Ала-Тоонун Батыштагы бүркүтү” деген аталыштагы тарыхый документалдык очеркинин, “Азамат Алтай: Азаттыктын жана демократиянын жарчысы” аттуу өзүнүн жана замандаштарынын эскерүүсү камтылган китептин бет ачары болот.

Кудайберген Кожомбердиев 1953-жылы башкеңсеси Германиянын Мүнхен шаарында жайгашкан “Азаттык” үналгысынын кыргыз тилиндеги туңгуч берүүсүн обого алып чыккан. Ал кийин АКШга кетип, чейрек кылымдан ашуун өмүрүн Нью-Йорктогу Колумбия университетинин илимий китепканасына арнап, түркология жана кыргыз таануу боюнча он миңдеген нускадан турган китеп корун түзүп, 1960-жылы Азамат Алтай ысымын алган.

«Азаттык» үналгысынын негиздөөчүсү, коомдук ишмер Азамат Алтай 2006-жылы 23-майда 86 жашында рак оорусунун айынан Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан. (AJ)

XS
SM
MD
LG