Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:35

Бүгүн Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун соту Ноокенде уланат

Анын ишин Базар-Коргон райондук соту 2-сентябрдан бери кароодо. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы кабарчыбыз билдирди. Өткөн шаршембидеги сот жараянында мамлекеттик айыптоочу Жаныш Саяков укук коргоочу Азимжан Аскаровду үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратууну сураган. Укук коргоочу А.Аскаров бул дооматтар туура эмес экенин белгилеп, айыптарды мойнуна албай келет.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров башында турган сегиз адам Базар-Коргон районунун аймагында 13-июнда болгон кандуу окуя боюнча адам өлтүрүүгө жана башаламандыкты уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып жатышат. (AJ)
XS
SM
MD
LG