Бул тууралуу ЕККУ, БУУ жана Евробиримдиктин атайын өкүлдөрү кечээ билдиришти. Алар 10-октябрда өтө турган парламенттик шайлоо өлкөнүн келечеги үчүн өзгөчө маанилүү деп эсептешет, ушундан улам кыргыз бийлиги баш болгон бардык тараптар эркин, акыйкат, эл аралык стандарттарга туура келген шайлоо өткөрүүгө аракеттениши зарыл деп белгилешти. Мындан тышкары алардын пикиринде коопсуз жана акыйкат шайлоо өткөрүү саясий партиялардын да эркиндеги иш болуп саналат. Атайын өкүлдөрдүн билдиргени боюнча эл аралык коомчулук июнь окуясында жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү, жалпы эле өлкөдө туруктуу жана гүлдөгөн келечек тургузууга жардам берүүгө даяр деп маалымдайт ЕККУнун Бишкек кеңсесинин басма сөз кызматы.(ZKo)