Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Роза Отунбаева: Мен өткөөл мезгилдин гана президентимин


Бул жөнүндө кечээ президент аксакалдар менен жолугушкан учурда маалымдады. Ал айрым саясий партиялар өзүн президенттик мөөнөтүн узартууга аракеттенип жатат деген сөздөрдү таратып жатышканын айтып, иш жүзүндө андай эмес экенин билдирди. “Мен өткөөл мезгилде гана татыктуу иштеп, бийликти тынч өткөрүп берүү максатым бар. Анын үстүнө армия менен мамлекетти башкаруу аял кишинин иши эмес экенин түшүнөм” деди Роза Отунбаева.

Президент 14-сентябрь күнү Ала-Арча резиденциясында аксакалдар менен жолугушуп, алар менен өлкөдөгү кырдаал, сырттан келүүчү жардамдар, шайлоо тууралуу пикир алышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG