Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Июнь окуясында жабыркаган 219 үй-бүлө акчалай жардам алышты


Түштүктү калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн дирекциянын маалыматына ылайык, Ош жана Жалал-Абад облустарынан 61 үй-бүлө ар бири 50 миң сомдон 20 жылдык мөөнөткө берилүүчү насыя акча, ал эми 158 үй-бүлө 50 миң сомдон кайтарымсыз жардам алышты. Мамлекет тарабынан июнь окуясында там-ташынан ажырагандарга турак-жай тургузуу үчүн берилүүчү 200 миң сом насыя акча 20 жылдык мөөнөт менен үстөк пайызсыз берилет. Бул жолу аларга бөлүнгөн акчанын биринчи бөлүгү - 50 миң сомдон берилди.

200 миң сом турак-жай тургузууга жетпесин белгилеген кээ бир үй-бүлөлөр бул акчаны алуудан баш тартканы белгилүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG