Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Байтемир Ибраев: айрым кылмыш иштери сотко жетпей калышы мүмкүн


Президенттин өткөн ишемби күнкү жарлыгы менен кызматынан четтетилген мурдагы баш прокурор өзүнүн иштен алынышы табышмак бойдон калганын журналисттерге билдирди. Анын айтымында, апрель окуясы боюнча мурдагы бийлик ээлери жана алардын буйруктарын аткарган жыйырма тогуз адамга кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары май айындагы бийликти басып алуу аракети жана июнь айындагы этностор аралык кагылышуу окуялары боюнча кылмыш иштери козголуп, алардын алды сотко өткөрүлө баштаган. Мурдагы башкы прокурорго беш айдан бери тынымсыз иштелген бул иштерди аягына чейин жыйынтыктоого мүмкүнчүлүк берилген эмес. Байтемир Ибраев жаңы дайындалган кесиптеши Кубатбек Байболов бул иштерди аягына чыгарууга аракеттенет деген үмүттө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG