Мындай маалыматты “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз талдоо борборунун жетекчиси Кадыр Маликов журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда ушул тапта парламенттик шайлоого ат салышып жаткан саясий партиялардын иштерине “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын көптөгөн мүчөлөрү көмөктөшүп жатышат. Алардын эл менен иштешүү тажрыйбасы чоң роль ойноп жаткандыгын белгилейт эксперт. К. Маликов тыюу салынган партиянын мүчөлөрү кайсы партиялардын тизмесинде жүргөндүгүн айтуудан баш тартты.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2010-жылдын 10-октябрына белгиленген. Ага 29 саясий партия катышууда.(ZKo)
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2010-жылдын 10-октябрына белгиленген. Ага 29 саясий партия катышууда.(ZKo)