Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Түз байланыш телефону иштей баштады


118 номурлуу түз байланыш телефону Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды стабилдештирүү, министрликтердин, президенттик администрациянын жана башка мамлекеттик кызматтардын ишин жакшыртуу, элге маалыматтарды өз убагында жеткирүү максатында түзүлдү. Бул телефон аркылуу жарандар медициналык кызмат көрсөтүү, гуманитардык жардамдардын таратылышы, социалдык төлөмдөр, турак-жай, жол жана башка байланыш түйүндөрүн калыбына келтирүү иштеринин кечеңдеши, аймактагы кырдаалды дестабилдештирүү боюнча ар кандай ушак-айыңдар, мамлекеттик аткаминерлер жана күч кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу жана өмүрүнө коркунуч туулган учурда кайрыла алышат. 118 номуру үйдөгү телефондон жана чөнтөк телефондон түз терилет, байланыш акысыз, деп маалымдайт кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы.
Байланыш телефону саат 6:00 22:00 чейин иштейт, операторлор кыргыз, орус жана өзбек тилинде иш алып барышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG