Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:43

Америкалык уюму "Ак-Бешим" балдар үйүнө жардам жеткирди


«Кыргыз балдарынын келечеги» деп аталган соопчулук уюмдун билдиришинче, Чүйдөгү "Ак-Бешим" жетимдер үйүндө көлөмдүү кир жуугуч машина бүгүн орнотулду. Виржиния штатындагы кыргыз-америкалык жарандар биргелештип түзгөн соопчулук уюмунун маалыматында, 200 чакты бала багылган бул жайда окуу китептери, оюнчуктар жетишпейт, ал эми жалгыз бир телевизор бузулуп калган. Уюм аталган балдар үйүнө өткөн жазда 15 куту кийим кечек, бут кийим жөнөткөн. 2000 доллардык кир жуугучту жеткирүү үчүн уюм Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө арнап, август айында Вашингтон шаарында акча топтоо акциясын өткөргөн.

XS
SM
MD
LG