Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Франция Еврошаркет комиссарынын сөздөрүнө нааразылыгын билдирди


Француз бийлигинин цыгандарды депортациялашы Евробиримдикте чоң чатакка айланчудай. Франция Еврошаркеттин юстиция комиссары Вивиан Редингдин комментарийлерине байланыштуу нааразылыгын билдирди. Комиссар Румыния менен Болгариядан келген цыгандарды депортациялоо Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы жөөттөр менен цыгандардын нацисттер тарабынан куугунтукталышын эске салат деп айткан. Француз өкмөт башчысы Франсуа Фийон мындай салыштыруу акылга сыйбас деп, Франция Евробиримдиктин жана жумурияттын мыйзамдарын урматтаганын эң жакынкы сааттарда далилдейбиз деди. Брюсселде бүгүн өтүүчү саммитте шаркеттин лидерлери цыгандар маселесин да талкуулашат деп күтүлүүдө. Жыл башынан бери 8 миңдей цыган Франциядан Румыния менен Болгарияга кайтарылган.

XS
SM
MD
LG