Улуттук коопсуздук кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай ушул тапта шаарда кадимкидей турмуш жүрүүдө. Райондогу кырдаалга милиция жана башка күч түзүмдөрү көз салып турушат.
Кечээ Өзгөн шаарынын Таш-Дөбө участогунда Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан атайын операция жүргүзүлүп, натыйжада айылдагы бир үйдөн курал-жарак алынып, төрт киши кармалган. Буга нааразы болгон 400-500 чамалуу жергиликтүү тургундар кармалгандарды бошотуу талабы менен райондук ички иштер бөлүмүн ташбараңга алышкан. Күч кызматкерлеринин бир нече жолу асманга ок атып эскертүүсүнөн кийин чогулгандар тарап кетишкен.
Окуяга күбө болгон адамдардын “Азаттыкка” кабарлашкандай кечээ чогулуп, башаламандык кылган адамдардын саны 1,5-2 миңге чукул болгон. (ZKo)