Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

HRW укук коргоочунун ишин кайрадан иликтөөгө чакырууда


Эл аралык адам укугун коргоочу Хьюман райтс уотч уюму кыргыз бийлигин укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кылмыш ишин кайрадан бейтарап жана ачык иликтөөгө чакырды. Уюм ошондой эле укук коргоочуну иш кайрадан каралып бүткөнчө эркиндикке чыгарууну сураган. HRWтун Европа жана Борбор Азиядагы өкүлү Андреа Берг укук коргоочунун ишинде “бийлик күбөлөрдүн жана жактоочулардын коопсуздугуна кепилдик бере алган жок” , “сот адилет чечим чыгаруунун ордуна өч алуу аракетин жасады” деген пикирин айткан уюм тараткан билдирүүдө. Хьюман райтс уотч уюмунун маалыматы боюнча сот айыптоочулардын өтө көп көрсөтмөлөрүн угуп, ал эми жактоочулардын бир гана күбөсүн уккан. “Өлтүрүлгөн милиция кызматкеринин жакындары жана туугандары сот жүрүп жаткан учурда Азимжан Аскаровдун адвокатына асылышты, аны ар кандай сөздөр менен коркутуп-үркүтүштү. Ал эми соттолуучулардын жакындарын сот залынын сыртында уруп-согушту. Бул иштерге күбө болгон милиция эч кандай каршы аракеттерди көргөн жок” деп билдирген уюмдун Европа жана Борбор Азиядагы өкүлү Андреа Берг.

13-июнда Базар-Коргондо милиция кызматкерин, дагы бир нече кишини мыкаачылык менен өлтүргөн, баш-аламандык уюштурган деген айып менен кечээ Ноокен райондук соту укук коргоочу Азимжан Аскаровго жана дагы төрт кишиге үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарган. Ушул эле соттун чечими менен дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга эркинен ажыратылышкан. Айыптоочулар укук коргоочунун кылмыш иши толугу менен далилденгенин билдиришүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG