Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Азимжан Аскаровдун жактоочусу сот чечими менен макул эмес


Адвокат Нурбек Токтакунов соттун чечими мыйзамды одоно бузуу менен чыгарылды деп эсептейт. Анын бүгүн маалымат жыйынында билдиргени боюнча сотто айыптоочулардын күбөлөрү көп көрсөтмө беришти, ал эми жактоочунун күбөлөрү суралган жок. Адвокатка айыпталуучу менен жолугууга да мүмкүнчүлүк берилген эмес. Сот жараяндары айыпталуучуларга, алардын адвокаттарына коркутуп-үркүтүү жана кысым көрсөтүүлөр менен коштолду деп билдирет Нурбек Токтакунов. Ушундан улам адвокат апелляциялык арыз менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылмакчы.
13-июнда Базар-Коргондо милиция кызматкерин, дагы бир нече кишини мыкаачылык менен өлтүргөн, баш-аламандык уюштурган деген айып менен кечээ Ноокен райондук соту укук коргоочу Азимжан Аскаровго жана дагы төрт кишиге үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарган. Ушул эле соттун чечими менен дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга эркинен ажыратылышкан. Айыптоочулар укук коргоочунун кылмыш иши толугу менен далилденгенин билдиришүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG