Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:30

Жылуулук мезгилинде электрге баа көтөрүлбөйт


Бул тууралуу энергетика министри Осмонбек Артыкбаев бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнү электр кубатынын 1 кВт сааты 1 сом 42 тыйын турат. "Мунун ичинен жарым баасын мамлекет төлөп келатат" дейт министр. Буга карабастан Энергетика министрлиги быйылкы кыш үчүн жылуулук мезгилинде электр энергиясынын баасын өзгөрүүсүз калтырууну көздөөдө. О. Артыкбаевдин белгилегени боюнча жылуулук мезгилине карата оңдоп-түзөө иштери аяктоонун үстүндө, жылуулук мезгили 1-ноябрдан калбай башталат. Министр ошондой эле быйыл электр энергиясын үнөмдөө максатында өчүрүүлөр да болбой тургандыгын маалымдады. Ал эми үч фазалуу система аркылуу турак-жайын жылыткандар боюнча маселе азырынча чечиле элек. Осмонбек Артыкбаев мындай абоненттер төлөөчү акы боюнча жалпы талкуу зарыл деп эсептейт.

Ушул тапта электр энергиясынын 1 кВт сааты – жеке пайдалануучулар үчүн 70 тыйын, ал эми ишканалар үчүн 1 сом 50 тыйын турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG