Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Жалал-Абаддагы карыялар элге кайрылды


Облустагы ардагерлер кеңеши менен Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын облустагы курамы улуттар аралык мамилени чыңдап, парламенттик шайлоону тынч өткөрүү чакырыгы менен билдирүү жасады. Билдирүүдө апрель, май, июнь окуяларында жабыр тарткандарга өкмөт колдон келген жардамын көрсөтүп жатканы белгиленет. Билдирүүнүн ээлери турак-жайы өрттөнгөндөрдү кышка дейре имарат менен камсыз кылуу керектигин, калыбына келаткан жай турмушка негизсиз ушак-айың сөздөр менен чагымчылар бүлүк салып жатканын айтышып, өлкөдөгү кырдаалга борбордо жана чет жакта туруп, туура эмес баа берген серепчилер менен саясатчыларды сынга алышты. “Жаңы доор” аттуу өзбек диаспорасынын жетекчиси Салыжан Мадаминов 20 жыл мурдагы күнөөлүүлөр жазаланбагандыктан быйыл жай айларында улуттар аралык араздашуу болгондугун ачыктады. Ал элди чочуткан чагымчыларды улутуна карабай кармап, жазалоону сунуш кылды. Турак-жайы өрттөнгөн жарандар курулуштун жайбаракат жүргөндүгүн билдиришкен. (YA)

XS
SM
MD
LG