Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Жалалабаддык журналисттер шайлоого тынчсызданууда


Алар парламенттик шайлоого катышмакчы болгон партия башчыларынын куралдуу адамдардын коштоосунда жүргөндүгүнө кооптонушууда. Мындай чочулоолор облустук шайлоо комиссиясынын башчысы Бакыт Козуев өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Шайлоочулар менен жолугушууларда партия лидерлеринин саясий маданиятты сактабай, атаандаштарын негизсиз каралаганы да сынга алынды. Бакыт Козуевдин ырасташынча, үгүт өнөктүгүндө партия башчыларынын курал-жаракчан жүргөнү ырасталган жок. Облустагы жергиликтүү шайлоо комиссияларынын курамынын көпчүлүгү жаңырганына байланыштуу аларды окутуу көйгөйү келип чыкты. Облуста 410 шайлоо бекети түзүлүп, шайлоочулардын тизмелери такталып бүттү. (YA)

XS
SM
MD
LG