Кечээ президент Роза Отунбаева түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинде Кыргызстандагы саясий абалга токтолуп, өкмөт кырдаалды турукташтырууга, калктын коопсуздугун камсыз кылууга, улуттар аралык мамилени жөнгө салууга жана көйгөйлөрдү чечүүгө бардык аракеттерин көрүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле 10-октябрдагы парламенттик шайлоо өлкөнүн саясий турмушунда доордун окуясы болуп каларын белгилеп, экономикада жана саясатта тазалануу багытында алдыда зор иштер турганын айтты.
Роза Отунбаева түрк тилдүү мамлекеттер Кыргызстандагы окуяларга түшүнүү менен карап көңүл буруп, колдоо көрсөтүп жатканына ыраазычылык билдирип, түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык боюнча Кеңешин колдоорун билдирди.
Стамбулдагы Х саммитте түрк тилдүү мамлекеттердин Катчылыгы түзүлүп, анын баш катчылыгына белгилүү элчи Халил Акинджи шайланды. Кеңештин отуруму келерки жылы Казакстанда, 2012-жылы Кыргызстанда өтө турган болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.(AJ)