Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:36

Таласта “Азаттыктын” кабарчысы облустук коллегияга киргизилген жок


Облустук мамлекеттик администрациянын кызматкери Бакыт Жаныбеков жыйынды чагылдырууга областтык телерадиокомпания менен гезитке гана уруксат берилгенин айтып, “Азаттыктын” кабарчысын жыйын өтүп жаткан залга киргизбей койгон. Бул тууралуу аймактагы кабарчыбыз өзү маалымдады.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча облустук коллегияда парламенттик шайлоо боюнча маселелер жана салык жыйноо тууралуу сөз болмок.
Таластын губернатору –"Ата мекен" партиясынын мүчөсү Койсун Курманалиева апрель окуясынан кийин бийликке келген.(ZKo)
XS
SM
MD
LG