Көрүүчүлөрдү жаңылыктар менен тааныштыруучу “Ала-Тоо” маалымат программасы парламенттик шайлоодо партиялардын үгүт иштерин чагылдырууга акысы жок. Мындай сунуш менен Коомдук телеканалдын байкоочу кеңеши жетекчиликке кайрылган. Коомдук телеканалдын башкы директору Кубат Оторбаевдин “Азаттыкка” тастыктаганы боюнча шайлоого байланыштуу рекламалык материалдар “Ала-Тоо” жаңылыктар программасынын алкагында эфирге чыгарылбайт, мындай материалдар өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлө баштады.(ZKo)