Өлкөдөгү мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар кыймылынын төрагасы Мирбек Асангариев бир дагы шайлоо участогунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын добуш берүүсүнө шарт түзүлгөн эмес деп билдирди. Анын маалымат жыйынында айтканы боюнча мындай адамдардын саясий укуктары да кыркылууда. Азыр парламенттик шайлоого катышып жаткан бир дагы саясий партиянын программаларында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга байланыштуу тезистер жоктугун белгилеген Мирбек Асангариев бул партия лидерлеринин бул маселеге кызыкпаганын билдирет деп эсептейт. Ал ушул маселе боюнча бир катар партия лидерлери менен сүйлөшкөн, “бардыгы эле баш ийкеп макул болгонсуйт, бирок эч кандай өзгөрүү жок, ошондуктан жаңы келе турган парламентке да үмүт жок” деп билдирди журналисттерге.
Кыргызстанда 120 миң мүмкүнчүлүгү чектелген киши жашайт.(ZKo)
Кыргызстанда 120 миң мүмкүнчүлүгү чектелген киши жашайт.(ZKo)