Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Имамдарга үгүт иштерине катышууга тыюу салынды


Дин кызматкери парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну кааласа, анда ал өзүнө тагылган кызматтан баш тартууга тийиш. Бул маалыматты бүгүн Ош шаарынын казысынын орун басары Яхяхан Ахматалиев журналисттерге билдирди. Ал эми айрым молдокелердин саясий партиялар уюштурган иш-чараларга барып, куран окуган учурлары үгүткө жатпайт деп эсептейт казынын орун басары. Ал өлгөндөрдүн арбагына куран түшүрүү –мусулмандардын милдети экенин айтып, муну кайсы бир саясий партиянын пайдасы үчүн үгүт жүргүзүү деп кабыл алууга болбойт деп түшүндүрдү. Я. Ахматалиев муфтияттын кызматкерлери да башка жарандар сыяктуу 10-октябрда шайлоого барып, добуш берүүгө катышарын кошумчалады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG