Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Талиптер шайлоо комиссиясынын 8 мүчөсүн уурдап кетти


Талиптер Ооганстанда 18-сентябрда болчу шайлоо алдында 19 адамды уурдап кетти. Талиптер шайлоо учурунда добушканаларга кол салынарын улам эскертип жаткан.

Ооган бийликтеринин маалымдашынча, уурдалгандардын ичинде парламенттик шайлоого талапкерлер жана түндүк чыгыштагы Багдис провинциясындагы шайлоо комиссиясынын сегиз мүчөсү бар. Талиптер өлкө чыгышындагы Лагман провинциясынан парламентке талапкер болуп жаткан Абдул Рахман Хаятты уурдашканын тастыкташты.

Көз карандысыз шайлоокомдун өкүлү Нур Мухаммад Нур 16-сентябрда Багдис провинциясында саясый өнөктүктүн 10 активисти уурдалды деген кабар такталып жатканын кабарлады. Ооган парламентиндеги 249 орун үчүн 2,5 миңден ашуун талапкер ат салышууда. Бул 2001-жылы талиптердин өкмөтү кулатылгандан берки парламенттик экинчи шайлоо.

XS
SM
MD
LG