Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:10

Польша премьер-министри: Закаев камакка алыныш керек эле


Польшада чечен жикчилеринин сүргүндөгү ана башчыларынын бири Ахмад Закаев кармалды. Закаевге ырасмий Варшава Польшага келсе камаларын жана Москвага өткөрүп берилерин эскерткенине карабай, ал Пулутск шаарына сүргүндөгү чечендердин эки күндүк курултайына барган.

Полициянын маалымдашынча, Закаев жума күнү Варшавада көчөдө камакка алынып, прокуратурага өткөрүп берилген. Таанылбаган Чечен Ичкерия Республикасынын ардактуу консулу Адам Боровский: “Ахмад Закаев өзү полицияга келгенин маалымдаганы жаткан. Бул полициянын ийгилиги эмес. Силер полиция Закаевди кармап алды деп айта албайсыңар. Биз өзүбүздүн жакшы ыкласыбызды көрсөтө алган жокпуз”,-деп билдирди.

А. Закаев Британиядан саясый баш паанек алып, 2003-жылдан бери Лондондо жашап жаткан.

Польшанын премьер-министри Дональд Тусктун түшүндүрүшүнчө, чечен саясатчысына Интерпол издөө салгандыктан, ал токтоосуз камакка алыныш керек болчу.

Россия бийликтери Ахмад Закаевди 1990-жылдардагы орус аскерлери менен чечен жикчилеринин согушу учурунда кылмыштуу иштерди жасаган деп, ага эл аралык издөө салган.

Кремлдин өкүлү Александр Хлопонин: “Ахмад Закаев эл аралык террорчу, Ал Россияда соттолууга тийиш”,- деп, аны Россияга тезинен өткөрүп берилишин талап кылды.

XS
SM
MD
LG