Лондондо Папа Бенедикт XVI кол салмак болду деп шектелген беш адам кармалды. Британ полициясынын кабарлашынча, 26 менен 50 жаштын ортосундагы беш адам “Террорчулукка каршы күрөшүү мыйзамына” ылайык камакка алынган.
Эки күндөн бери Британиядагы мамлекеттик сапар менен жүргөн Рим католик чиркөөсүнүн башчысы бүгүн Аглосаксон чиркөөсүнүн башчысы, Кентерберий чиркөөсүнүн архиепискобу Роуэн Уильмс менен кездешет. Сүйлөшүүнүн максаты - Ватикан менен англосаксон чиркөөсүнүн алакасын жакшыртуу. Бейшемби күнү Папа Британиянын канышасы Елизавета II менен жолугушту жана Глазгодо ачык асман алдында кутпа окуду. Мессага 65 миңдей динзар катышты. Бенедикт XVI өз сөзүндө католик диниятчылардын бачабаздыгына байланыштуу чактактарга токтолуп, чиркөө күнөөкөрлөрдү тез жазалай албаганын учкай айта кетти.