Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод курулушу мүмкүн


Таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу тууралуу меморандумга Түштүк Кореянын “Ремсити” компаниясы менен Бишкек шаардык мэриясы кол коюшкан. Бул тууралуу Бишкек шаар мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, аталган демилгенин ишке ашыруунун так мөөнөттөрү белгисиз жана Түштүк Кореянын компаниясы алгач бир ай аралыгында тийиштүү иш кагаздарды жана шарттарды сунуштоосу зарыл. Эгер Бишкекте аталган завод курула турган болсо, анда ал күнүнө бир миң беш жүз тонна таштандыны кайра иштетмекчи. Бишкектин коммуналдык кызматы күн сайын жүз отуз тонна таштандыны шаардан алып чыгат. (ES)

XS
SM
MD
LG