Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Ооганстанда шайлоо бекеттери жабылды


Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саал төрттө шайлоо бекеттери жабылганын Ооганстандын шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы билдирди. Бүгүн добуш берүү башталгандан кийин бир катар провинцияларда, баш калаа Кабулга кол салуу аракеттери болду. Кол салуулардан бери дегенде 10 адам набыт болгону кабарланды. Мындан чочуган бир нече шайлоочулар добуш берүүгө келген жок.
Ооганстанда өтүп жаткан шайлоону болтурбоо аракетин козголоңчул талиптер буга чейин эле жарыялап, добуш берүүгө келгендерге кол салуулар болоорун эскерткен. Ооган парламентинин төмөнкү палатасынын 249 орунуна 34 провинциядан эки жарым миңдей талапкер ат салышты.

XS
SM
MD
LG