Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Рим папасы католик динаятчыларынын кылыгына терең уяларын айтты


Рим папасы католик динаятчыларынын балдарды сексуалдык мүнөздө кордогонуна терең уялып турганын билдирди. Лондондогу Вестминистер соборунда чогулгандар алдында 83 жаштагы Папа Бенедикт XVI сүйлөгөн сөзүндө Рим католик чиркөөсүнүн динаятчылары мындай күнөөдөн арылаарын жана жаштарга туура таалим тарбия берерин айтты. Рим Папасы Британиядагы үч күндүк иш сапарында Англиянын падышасы, британ премьер-министри баш болгон жогорку даражалуу адамдар менен жолукту. Ошол эле учурда Лондондун көчөлөрүндө Рим чиркөөсүнүн саясатына каршы нааразылык митингдер уланууда. Кечээ болсо Рим папасына кол салууга багытталган террордук аракети үчүн алты киши камакка алынган. Расмий Ватикан мындай аракеттерге карабастан Папа Бенедикт XVIнын сапары үзгүлтүксүз өтөөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG