Жылдын башынан бери сегиз ай ичинде Кыргызстандагы текстиль жана тигүү өнөр-жайы өндүргөн товардын көлөмү 3 миллиард 946 миллион сомго тете болду. Мындан бир жыл мурда бул көрсөткүч 2 миллиард 23 миллион сомду түзгөн. 2010-жылы бул тармактан чыгарылган продукциялардын өсүү темпи былтыркы жылга салыштырганда 195 пайызды көрсөтүп жатат. Жылдын аягына чейин кеминде 4 миллиард 800 миллион сомдон ашык товар өндүрүлөөрү күтүлүүдө. Булар туурасында Экономикалык тескөө министрлигинин кичи жана чакан бизнес бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Гүлнара Ибраимова “Азаттыкка” билдирди.
Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда кеминде 941 тигүү ишканалары бар. Өлкө боюнча 158 миңден ашуун адам тигүү тармагында эмгектенет. (KKs)
Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда кеминде 941 тигүү ишканалары бар. Өлкө боюнча 158 миңден ашуун адам тигүү тармагында эмгектенет. (KKs)