Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Ош шаарынын жолдорун оңдоо үчүн каражат табылды


Дүйнөлүк Банк Ош шаарынын жолдорун оңдоо үчүн төрт жарым миллион доллар өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берет. Бул туурасында аталган банктын адиси Карл Шине 17-сентябрда Ош шаарынын мэринин орун басары Таалай Сабиров менен жолугушууда билдирген. Маалыматка ылайык, түштүк борбордун жолдорун оңдоо иштери үчүн алты уюм тандалып алынды. Шаардын жалпы 131 километрге созулган кеминде жүзгө жакын көчөлөрү бул каражаттын негизинде кайрадан оңдолуп чыгат. Дүйнөлүк Банк убада кылган каражат жакынкы күндөрдө Кыргызстанга берилери күтүлүүдө. Булар туурасында президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (KKs)

XS
SM
MD
LG