АКШнын президенти афро-америкалык лидерлерине өзү баштаган «өзгөрүштү» коргоого көмөк көрсөтүүсүн күтөөрүн билдирди. Барак Обама АКШ Конгрессиндеги кара мүчөлөрдү колдогон уюмдун жыйынында сүйлөдү. Обаманын Демократиялык партиясы ноябрдагы шайлоодо республикачылардан утулуп калышы мүмкүн экендиги айтылууда. Эгер мындай божомол туура чыкса, демократтар Конгресстеги көпчүлүктөн ажырап калышы ыктымал. Жумушсуздуктун жогорку деңгээли жана экономикалык өсүштүн жай болуп жатышы шайлоочуларды бийликтеги демократтардан обочолонтууда.