Зомбулук, шайлоочулардын төмөнкү активдүүлүгү жана эреже бузуулар тууралуу даттануулар болгон кечээки парламенттик шайлоонун добуштарын саноо бүгүн башталды. Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы Фазил Ахмад Махнанави түндүктөгү Балх дубанында комиссиянын үч кызматкери өлтүрүлгөнүн бышыктады:
- Тилекке каршы, биздин үч кишибизди кечее Балхтын Чемтал ооданында белгисиз адамдар уурдап кеткен эле. Алардын өлүгүн бүгүн таптык.
Ички иштер министрлигине ылайык, добуш берүү мезгилинде аз дегенде 11 карапайым адам, үч тартип коргоочу набыт болду. Өлкө боюнча 33 бомба жарылып, 63 ирет ракеталык чабуул жасалды.
Бириккен Улуттар уюму, НАТО жана Европа Биримдиги талиптердин коркутуп-үркүтүүсүнө карабай, оогандардын шайлоого катышканына жогору баа беришти.
Бүгүн түндүктөгү Кундуз дубанында ракета менен ойноп жаткан сегиз бала каза тапты.