Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:26

Бүгүн Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстанга келет


Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штаб башчысынын орун басары Валерий Герасимов баштаган жумушчу топ кыргыз-орус аскер кызматташтыгынын айрым маселелерин чечүү максатында сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков жана Чек ара кызматынын башчысы Владимир Проничевдин Кыргызстанга жасала турган иш сапарынын так убактысы аталган жумушчу топ келгенден кийин белгилүү болот.

Ушул аптанын башында Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Москвада орус коргоо министри менен жолугуп, Орусиянын Кыргызстандагы аскерий обьектилердин жайгашуусу, жана анын ижара акысын курал-жарак менен төлөө тууралуу маселелерди талкуулап келген. (AJ)

XS
SM
MD
LG