Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Швециядагы парламенттик шайлоодо бийликтеги партиялар жеңишке жетишти


Кечээги добуш берүүнүн жыйынтыгында төрт партиянын премьер- министр Фредрик Рейнфельдт жетектеген оңчул-борборчул коалициясы 349 орундуу парламенттен 172 мандат ала турган болду. Алар жеңишти камсыздашканы менен бирок парламентте басымдуу көпчүлүктү түзө албайт. Бул үчүн үч орун жетишпейт. Парламентке алгачкы ирет ашынган улутчулдардын партиясы да кирди. “Швед демократтары” деген партия 20 орунга ээ болду. Оппозициядагы Социал -демократтар оңчул-борборчул коалициядан 15 орун кем алды.

XS
SM
MD
LG