Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Тажикстан менен чек ара жабылды


Кыргызстандын Тажикстан менен болгон чек арасы бүгүнтөн тарта жабылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын орун басар төрагасы Чолпонбек Турусбеков “Азаттыкка” билдирди.

Ч.Турусбековдун айтымында, ушул тапта кыргыз тарап Тажикстандын тиешелүү органдары менен маалымат алмашып, чек араны бекемдөө боюнча тиешелүү чараларды көрө башташты. Ага ылайык эки өлкө ортосундагы бардык өткөрмө бекеттерин жаап, калган чек ара тилкелерин күчөтүлгөн режимде кайтаруу боюнча чечим чыкты. Кечээ Тажикстан тарап эки өлкө ортосундагы Кара-Мык өткөрүү бекетин жапкан болсо, бүгүн таңда ал бекетти Кыргызстан тарап да жапкан.

Ушул тапта Баткен облусуна шашылыш түрдө Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынан атайын бөлүктөрдүн аскерлерлери жөнөтүлдү. Бүгүнтөн тарта Чоң-Алай ж.б аймактарда чек ара толук жабылып, Тажикстан тараптан куралчан топтордун кирип келүүсүн алдын алуу иштери жүргүзүлмөкчү.

Эскерте кетсек, кечээ Тажикстандын чыгышындагы Рашт районунда козголоңчу топтор аскер колоннасына кол салып, натыйжада 23 аскер атышууда көз жумуп, бир канчасы оор жаракат алышты. Тажик бийликтери бул кол салууну террор катары баалашып, муну талаа командирлери Аловуддин Давлатов менен Абдулло Молдо деген ат менен таанымал Абдулло Рахимовдун куралчан топтору уюштурганын айтышууда. Аталган талаа командирлеринин кол алдында Ооганстан, Пакистан жана Орусиядан келген жалданма адамдар бар экени айтылууда.

Кыргызcтандын Чек ара кызматынын орун басар төрагасы Ч.Турусбеков “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүнкү күндө Тажикстан менен чектешкен аймактарда куралдуу күчтөр жетиштүү жана мерчемдүү капчыгайлар катуу кайтарууга алынды. (IJz)

XS
SM
MD
LG