Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Индияда темир жолдогу кырсыктан сегиз адам мерт болду


Кырсык борбор Делиден 375 чакырымдай алыстыкта орун алган. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, жүк тартып келе жаткан поезд жүргүнчү поездди сүзгөн. Андан кеминде сегиз адам каза тапкандан тышкары 50дөй киши жаракат алган. Кырсыктын себеби катары катуу жаан-чачындан улам жол жакшы көрүнбөй калганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG