Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Ооганстанда шайлоонун жыйынтыгын билүү азыр эрте


Президент Карзайдын маалымат катчысы Увахид Омар Кабулдагы маалымат жыйында ишембиде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын билдирүү азыр өтө эле эрте экендигин айтты.

Ооганстандагы шайлоого байкоо салган Улуттар Уюмунун "Шайлоо даттануулары боюнча комиссиясы" деп аталган топ жети жүздөн ашуун доо арыздар катталганын билдирди.

"Ооганстандагы эркин жана таза шайлоо" кору шайлоонүн жүрүшүндө көз боёмоочулук, добуш берүүнү одоно бузуулар болгондугун билдирди. Кордун төрагасы Надер Надери бюлеттендерди тутамдап салуу, кайталап добуш берүү өлкө боюнча катталгандыгын тастыктады.

XS
SM
MD
LG