Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Казакстанда түрмөдө 8 киши өз кардын өзү тилди


Карагандыдагы Долинка абагында болгон окуя тууралуу «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы мындайча билдирет:

«18-19-сентябрда жазган ачык катында туткундар түрмөдөгү кордукка мындан ары чыдай албастыгын айтышкан. Эгер алар өздөрүнө өздөрү кол салганда көз жумса, анда түзөтүү мекемесинин жетекчилиги күнөөлүү деп жазылган. Ачык каттарын маалымат беттерине тараткан соң, АК159/7 түзөтүү мекемесинин бир нече туткуну курч нерсе менен өз карындарын тилип таштаган».

Облустук жаза өтөө жана түзөтүү комитетинин маалымат катчысы Н.Горинанын айтуусунда, абактагы 8 киши түрмөнүн ичинде эркин кыймылдап жүрүүнү, жакындарынан келген аманатты, тамак-ашты чектебөөгө, түрмөнүн ичин тазалоонун мажбурлаган түрүн ким кааласа ошол гана аткарууга өткөрүүнү талап кылган. Ошондой эле Горина атайын иликтөө иштери башталганын билдирип, бирок өз денесине өзү залал кылгандар ким экендигин жана оор жарадарлар болсо алардын абалы тууралуу маалымат берген жок. Ал ортодо абактагылардын туугандары түрмөгө келип, өз жакындарынын абалын билүү аракетин көрүүдө.

Соңку айларда Казакстандын бир катар абактарында каршылык акциялары уюштурулган. Казак укук коргоочулары түрмөлөрдөгү абалды жакшыртуу боюнча бийликке кайрылып, эркинен ажыратылгандардын укуктары такай бузулуп жатканын айтышат.

XS
SM
MD
LG