Пентагондун билдиргенине караганда, Роберт Гейтс Орусиянын Сирияга кемелерге каршы канаттуу ракеталарды сатуу планын дүйшөмбү Израилдин коргоо министри Эхуд Барак менен талкуулады. Израиль дагы Орусия менен Сириянын жогорудагыдай келишимине каршы. Америкалык тарап камтамачылыгын орус коргоо министрлигинин делегациясы өткөн аптада Вашингтондо болгон кезинде билдирген. Вашингтон анда Москваны өз кадамынын стратегиялык терс кесепеттери жөнүндө ойлонууга чакырган.