Барак Обама ушундай пикирин айтуу менен бирге АКШ жана Кытайдын соода мамилеси адилет болуусу керектигин, Вашингтон Дүйнөлүк соода уюмунда Кытайга каршы чара көрүп жатканын белгиледи. Ал эми АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон валюта маселесин кытайлык кесиптеши Ян Цзечи менен Улуттар уюмундагы жолугушуусунда талкуулады. АКШ Кытай улуттук акчасы- юандын наркын атайлап төмөн кармоосу эки өлкө ортосунда соода тең салмактуу болуусуна тоскоолдук кылып жатат деп эсептейт.