Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Элдик кошуундар алгачкы курултайын өткөрүштү


Бүгүн Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 7-апрелден кийин түзүлгөн элдик кошуундардын алгачкы курултайы өттү. Ага Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев, Бишкек шаар мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов баштаган адамдар катышышты.

Курултай учурунда ар кыл элдик кошуундарды бириктирип, Элдик кошуундар кеңешин түзүү демилгеси жактырылды. Ошондой эле курултайда эгер өлкөдө баш аламандыктар баштала турган болсо, Элдик кошуундар кеңеши тартипти орнотуу жана жарандардын коопсуздугун коргоого чыгары тууралуу документке кол коюлду. (IJz)

XS
SM
MD
LG