Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Жогорку Кеңеш алдында пикет өтүүдө


Ушул тапта Жогорку Кеңештин алдында 50-60 чакты адам нааразычылык иш-чарасын өткөрүшүүдө. Алар колдоруна “Ар ким өз укугун жана эркиндигин коргоого укуктуу!”, “Прокурорлор, соттор өз энеңерди сыйласаңар, бирөөлөрдүн энелерин ыйлатпагыла!” деген жазууларды кармап турушат. Пикетке чыккандар 7-апрель окуясы учурунда элге каршы ок аткан деген шек менен кармалгандардын ага-туугандары жана ата-энелери экендиктерин айтышууда.

Окуя болуп аткан жерден кабарчыбыз Мирлан Токталиев билдиргендей, нааразы болгондор камактагы Улуттук коопсуздук кызматынын “Альфа” бөлүгүнүн бир кызматкерин жана учурунда Мурдагы президенттин бир тууган иниси башкарган Мамлекеттик күзөт кызматынын 8 кызматкери бошотулуусун талап кылышууда. Алардын айтымында, буйрукту аткарган жоокердин камалып, аларга түздөн-түз буйрук бергендердин боштондукта жүргөнү туура эмес. Нааразы болгондор өз талаптары жазылган катты президент Роза Отунбаевага киргизүүгө аракет кылышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG