Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

“Чыңгыз жана Бүбүсара” тасмасы орусчага которулууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Чыңгыз жана Бүбүсара” аттуу көркөм тасманын режиссеру Жаныш Кулмамбетов билдирди.

Режиссер Ж.Кулмамбетовдун аталган тасмасы былтыр жарыкка чыгып, бир катар талаш-тартышты жараткан. Маселен кино сынчы Гүлбара Төлөмүшова бул тасманы сындап чыгып, төшөк сценалары болбосо да аны “порнография” деп атаган. Кино сынчынын пикиринде, “Чыңгыз жана Бүбүсара” филминде таза сүйүү сезимдери чагылдырылбай эле, орой карым-катнаштар орун алып калган.

Ал эми режиссер Ж.Кулмамбетовдун айтымында, бул тасманы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов менен атактуу балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын байланышы, сүйүүсү тууралуу жакшы билбегендер сындап жүрүшөт. (IJz)

XS
SM
MD
LG