Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Нарын: Лахол айылында шайлоо өткөрүүгө тоскоолдуктар болууда


Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Алмаз Аскаровдун маалыматы боюнча, Лахол айылынын тургундары шайлоо бекети үчүн имарат бербей, аны ачтырбай коюшкан. Нарын райондук шайлоо комиссиясынын төрайымы жеринде болуп, имаратты үч күнгө ачтырып келди. Жергиликтүү тургундар Лахол айылында жайгашкан Тянь-Шань асыл тукум кой заводунун директору Салыбек Чөлүевди кызматтан алууну талап кылып, эгерде бул талап аткарылбаса шайлоону өткөрбөй тургандыктарын белгилешти. № 4054 Лахол шайлоо участогунда 605 шайлоочу бар. Бул боюнча Алмаз Аскаров өкмөткө, Борбордук шайлоо комиссиясына, Нарын облустук прокуратурасын билдирүү жиберди. (JI)

XS
SM
MD
LG