Бул күндөрү Орусия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штаб башчысынын орун басары, генерал-полковник Валерий Герасимов баштаган аскердик делегация менен Кыргызстандын коргоо министринин орун басары, генерал Асылбек Ормокоев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөр эки тараптуу аскерий кызматташтыкты жаңыртуу, Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектилери туурасындагы 1993-жылы түзүлгөн келишимди өзгөртүү жана ижара акысы боюнча келишимдердин долбоорун даярдоо боюнча жүрүүдө. Тараптар бир катар протоколго 23-сентябрда кол коюшу күтүлүүдө.
Ал эми 25-сентябрда Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков менен чек ара кызматынын башчысы Владимир Проничев Кыргызстанга келип, кыргыз-орус аскердик кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктайт. (AJ)