Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Кыргыз-орус куралдуу күчтөрүнүн сүйлөшүүсү эртең жыйынтыкталат


Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу эки тарап 23-сентябрда протоколго кол коюлган соң маалымат жыйын өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” коргоо министринин басма сөз катчысы Мурат Ашырбеков кабарлады. Маалыматка ылайык, бул күндөрү Орусия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штаб башчысынын орун басары, генерал-полковник Валерий Герасимов баштаган аскердик делегация менен Кыргызстандын коргоо министринин орун басары, генерал Асылбек Ормокоев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Сүйлөшүүлөр эки тараптуу аскерий кызматташтыкты жаңыртуу, Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектилери туурасындагы 1993-жылы түзүлгөн келишимди өзгөртүү жана ижара акысы боюнча келишимдердин долбоорун даярдоо боюнча болуп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG