Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ак-Сай жайлоосу, Ат-Башы, Нарын райондорунун жана Нарын шаарынын аймактарында жааган кардан жабыр тарткан адамдарга тик учак менен азык-түлүк, дары-дармек, малга тоют жана күйүүчү май жеткирди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” кабарлады. “Ал жакта бир метрдей кар бар экен. Негизинен адамдардын даярдыгы деле бар экен. Адам өмүрүнө коркунуч алып келген учур жок” деди А.Бекилов.
19-сентябрда Нарын облусунун тоолуу райондору капыстан жааган кардын калыңдыгы бир метрге чукулдап, Ат-Башы жана Нарын райондорунда жыйнала элек эгинди кар басып калган. (КЕ)
19-сентябрда Нарын облусунун тоолуу райондору капыстан жааган кардын калыңдыгы бир метрге чукулдап, Ат-Башы жана Нарын райондорунда жыйнала элек эгинди кар басып калган. (КЕ)